№78 мектеп-гимназиясы №78 мектеп-гимназиясы

Ден соолуктун чын болушуна, дене-бойдун түз, сымбаттуу болуп өсүшүнө бий өтө зор таасир берет. №78 мектеп-гимназиясында чыгармачыл ийримдеринин астында “Азия нур” аттуу бий тобу түзүлгөн. Бий ийримине катышкан окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө карай: кенже топ, ортонку топ, жогорку топ болуп үчкө бөлүнөт. Алар өтө тездик менен ар улуттун бийлерин өздөштүрө алышат. Ар кандай иш-чараларда “Азия нур” бийчилер тобу жагымдуу маанай тартуулап, кечени көрккө бөлөйт. Бий ийриминин көркөм жетекчиси Кыдырова Айсулуу.
№78 мектеп-гимназиясы Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, “Көлмө” жаңы конушу,Кенеш көчөсү 45/1
Мектеп босогосун жаңы аттаган жеткинчектер үчүн мектептин босогосу, мугалимдин чеберчилиги, бир партага бирге отурган классташынын жылмаюусу, жаңы ариптер менен таанышуусу, кийип жүргөн окуучулук формасы, биринчи мугалим, биринчи кадам, баары маанилүү. Тамгалардын баарын таанып, окуганды, жазганды үйрөнүп, мектеп турмушуна аралашуусу зор бакыт эмеспи. Алардын жашоосуна өзгөчө шаң киргизген, эстен кеткис, кайталангыс көз ирмем бул - “Алиппе майрамы”.
Окуучулардын жөндөмдүүлүгүн арттырууга, актердук чеберчилигин, шыгын ойготууга драма ийрими зор таасир берет. №78 мектеп-гимназиясында 2014-жылдан бери драма ийрими иштеп келет. Өз убагында сапаттуу өтүлүшунө бардык шарттар бар. Мектеп жана ата-энелер тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Окуучулар ийримге өз каалоосу менен катыша алышат. Драма ийриминин көркөм жетекчиси: Билим берүүнүн отличниги Макеева Зина Сариевна.
Мектептин Балдарды аскерге чейинки даярдык боюнча мугалими Чыныгалиев Бакир Апасовичтин жетектөөсү менен “Жоокер”, “Эр жигит” райондук, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн сынактарына жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен катышып, эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушту. 2017-жылы- “Эр жигит” – Биринчи май районун мектептеринин арасында –I-орун, шаардык кароодо- IY-орун.2018-жылы: “Жоокер” – райондо I-орун, шаардык кароодо- I-орун“Эр жигит”- райондо IY-орун

Новости

Мы в цифрах

26
Лет школе
1626
Учеников
175
Выпускников в год
21525
Книг в библиотеке