Усулдук кызматы

УСУЛДУК КЫЗМАТЫ

2022-2027-окуу жылдары үчүн мектептин усулдук темасы:

«Инновациялык технологияларды сабакта пайдалануу менен креативдүү, негизги компетенттүү, ар тараптан өнүккөн инсанды окутуп, тарбиялоо»

Максаты:

  1. Мугалимдердин педагогикалык чыгармачылыгын жана кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өстүрүү
  2. Билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу менен сабактын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу
  3. Окуучуларды жаңы технологиялардын жардамы менен сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен активдүүлүгүн жогорулатуу

Милдеттери:

  1. Мугалимдердин технологияларды жана инновациялык усулдарды сабактарында колдонуу менен окуучулардын өз алдынча иштөө чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн негизинде окуутуунун сапатын жогрулатууга түрткү берүү
  2. Педагогдордун теориялык, методологиялык деңгээлин усулдук кеңештин чыгармачылыгын билгичтик менен уюштуруу аркылуу жогорулатуу
  3. Окуучулардын окуу деңгээлин жогорулатуу максатында мониторинг системасын үзгүлтүксүз жүргүзүп, анализ чыгаруу
  4. Педагогдордун актуалдуу иш-тажрыйбаларына көңүл буруп, аны изилдеп, жамаат ичинде жайылтуу ишин жолго коюу
  5. Окуучуларга билим берүүнүн маңызынын негизинде билим деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап талаптарга ылайык маалыматтык-коммуникативдик, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн колдонууга шарт түзүү
  6. Чыгармачыл мугалимдердин окутуунун инновациялык формасын активдүү колдонуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү
  7. Окуучулардын өз алдынча ой жүгүртө алуусуна мүмкүнчүлук берип, илимий-изилдөөчүлүк көндүмүн калыптандырып, өз оюн далилдүү, чыгармачылык менен көргөзө билүүгө үйрөтүү ишин алып баруу

Күтүлүүчү натыйжалар

  1. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бирдиктүү шарт түзүлөт.
  2. Мектепте жана үй-бүлөдө баланын калыптануусу үчүн шарт түзүлөт.
  3. Сабактын жеткиликтүү берилишин жана окуучунун кабыл алышын көзөмөлдөө үчүн педагогикалык мониторингдин системасы иштелип чыгат.
  4. Мектепте окутуу сапатын өнүктүрүүнүн жолдору каралат.
  5. Үйрөнүү жана өнүгүү деңгээли көзөмөлдөнөт.
  6. Ар бир окуучунун өнүгүшү бааланат.
  7. Мугалимдер тарабынан инновациялык эмгекти мотивациялоо күчөтүлөт.
  8. Окуучу өз алдынча тандоо жана чечим кабыл алууга даярдалат жана жоопкерчиликтүү мамилеге үйрөнөт.
  9. Мугалимдер сабактарда компьютердик технологияларды кеңири колдоно алат.

Мектептин усулдук темасынын үстүндө иштөөнүн этаптары

 I этап

Жаңы темага өтүү этабы. Даярдоо этабы. (2021-2022-окуу жылы)

  1. Билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү абалын, педагогикалык жамааттын иш-тажрыйбаларын анализдөө
  2. Педагогикалык жамаат менен биргеликте окутуунун жаңы түрлөрүн үйрөнүү
  3. Өнүгүүнун багыттарын таап чыгуу

 II этап

Изденүү этабы. 2022-2023-окуу жылы

  1. Окуу-тарбия ишинде улантмалуулукту уюштуруу, тажрыйба жүргүзүү жана жайылтуу
  2. Жеке чыгармачылык менен өтүлгөн ачык сабактар, семинарлар, мастер-класстарга өз ара катышуу
  3. Окуу-тарбия иштерин өркүндөтүү жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында окутуунун өз алдынча жан изденүүчүлүк формасын жайылтуу, сабактардын сапаттуулугун жогорулатуу

 III этап

Өнүгүү этабы.  2022-2025-окуу жылдары

  1. Окуучулардын сапатуу билим алуусун камсыз кылуу максатында окуу-тарбия процессинде жаңы усулдарды жана формаларды иштеп чыгуу
  2. Окуучулар менен мугалимдердин иш жүргүзүүсүндө ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында мотивациялоо

 IV этап

Жыйынтыктоо этабы. 2026-2027-окуу жылы

  1. Иштелип чыккан иштердин натыйжасын анализдөө, мектептин андан аркы перспективдүү өнүгүүсүн аныктоо
  2. Мектептин усулдук темасы боюнча жүргүзүлгөн иштерди баалоо. Мугалимдердин берген көрсөткүчтөрүн баалоо
  3. Чыгармачылык отчет. Перспективдүү багыттарды аныктоо