УСУЛДУК КЫЗМАТЫ
2022-2027-окуу жылдары үчүн мектептин усулдук темасы:
«Инновациялык технологияларды сабакта пайдалануу менен креативдүү, негизги компетенттүү, ар тараптан өнүккөн инсанды окутуп, тарбиялоо»
Максаты:
- Мугалимдердин педагогикалык чыгармачылыгын жана кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өстүрүү
- Билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу менен сабактын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу
- Окуучуларды жаңы технологиялардын жардамы менен сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен активдүүлүгүн жогорулатуу
Милдеттери:
- Мугалимдердин технологияларды жана инновациялык усулдарды сабактарында колдонуу менен окуучулардын өз алдынча иштөө чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн негизинде окуутуунун сапатын жогрулатууга түрткү берүү
- Педагогдордун теориялык, методологиялык деңгээлин усулдук кеңештин чыгармачылыгын билгичтик менен уюштуруу аркылуу жогорулатуу
- Окуучулардын окуу деңгээлин жогорулатуу максатында мониторинг системасын үзгүлтүксүз жүргүзүп, анализ чыгаруу
- Педагогдордун актуалдуу иш-тажрыйбаларына көңүл буруп, аны изилдеп, жамаат ичинде жайылтуу ишин жолго коюу
- Окуучуларга билим берүүнүн маңызынын негизинде билим деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап талаптарга ылайык маалыматтык-коммуникативдик, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн колдонууга шарт түзүү
- Чыгармачыл мугалимдердин окутуунун инновациялык формасын активдүү колдонуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү
- Окуучулардын өз алдынча ой жүгүртө алуусуна мүмкүнчүлук берип, илимий-изилдөөчүлүк көндүмүн калыптандырып, өз оюн далилдүү, чыгармачылык менен көргөзө билүүгө үйрөтүү ишин алып баруу
Күтүлүүчү натыйжалар
- Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бирдиктүү шарт түзүлөт.
- Мектепте жана үй-бүлөдө баланын калыптануусу үчүн шарт түзүлөт.
- Сабактын жеткиликтүү берилишин жана окуучунун кабыл алышын көзөмөлдөө үчүн педагогикалык мониторингдин системасы иштелип чыгат.
- Мектепте окутуу сапатын өнүктүрүүнүн жолдору каралат.
- Үйрөнүү жана өнүгүү деңгээли көзөмөлдөнөт.
- Ар бир окуучунун өнүгүшү бааланат.
- Мугалимдер тарабынан инновациялык эмгекти мотивациялоо күчөтүлөт.
- Окуучу өз алдынча тандоо жана чечим кабыл алууга даярдалат жана жоопкерчиликтүү мамилеге үйрөнөт.
- Мугалимдер сабактарда компьютердик технологияларды кеңири колдоно алат.
Мектептин усулдук темасынын үстүндө иштөөнүн этаптары
I этап
Жаңы темага өтүү этабы. Даярдоо этабы. (2021-2022-окуу жылы)
- Билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү абалын, педагогикалык жамааттын иш-тажрыйбаларын анализдөө
- Педагогикалык жамаат менен биргеликте окутуунун жаңы түрлөрүн үйрөнүү
- Өнүгүүнун багыттарын таап чыгуу
II этап
Изденүү этабы. 2022-2023-окуу жылы
- Окуу-тарбия ишинде улантмалуулукту уюштуруу, тажрыйба жүргүзүү жана жайылтуу
- Жеке чыгармачылык менен өтүлгөн ачык сабактар, семинарлар, мастер-класстарга өз ара катышуу
- Окуу-тарбия иштерин өркүндөтүү жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында окутуунун өз алдынча жан изденүүчүлүк формасын жайылтуу, сабактардын сапаттуулугун жогорулатуу
III этап
Өнүгүү этабы. 2022-2025-окуу жылдары
- Окуучулардын сапатуу билим алуусун камсыз кылуу максатында окуу-тарбия процессинде жаңы усулдарды жана формаларды иштеп чыгуу
- Окуучулар менен мугалимдердин иш жүргүзүүсүндө ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында мотивациялоо
IV этап
Жыйынтыктоо этабы. 2026-2027-окуу жылы
- Иштелип чыккан иштердин натыйжасын анализдөө, мектептин андан аркы перспективдүү өнүгүүсүн аныктоо
- Мектептин усулдук темасы боюнча жүргүзүлгөн иштерди баалоо. Мугалимдердин берген көрсөткүчтөрүн баалоо
- Чыгармачылык отчет. Перспективдүү багыттарды аныктоо