Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат” аталышындагы райондук иш-чара өткөрүлдү
Биринчи Май районунун №78 мектеп-гимназиясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыгынын алкагында “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 28-октябрында “Мекендин бактысы –өмүрдөн кымбат” аталышындагы райондук иш-чара өттү.
Иш-чарага Биринчи май районунун билим берүү башкармалыгынын начальниги С.К.Шербаева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстан тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Н.И.Султаналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жазуучу, акын Г.К.Орозматов, №14 МАБдын жетекчиси К.А.Алдашов, ошондой эле мамлекеттик тил мугалимдери жана мектеп окуучулары катышышты.
Кыргыз элинин тарыхы жана белгилүү инсандар жөнүндө чакан сценка жана видео презантация көрсөтүлдү. Чакырылган коноктор менен окуучуларды кызыктырган суроо-жооп өткөрүлүп, мыктыларына белектер тапшырылды.
Комментарии