Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясында 2024-жылдын 2-декабрында Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун уюштуруу усулдук иштери боюнча адистердин жана дарыгер, медайымдардын катышуусунда 10-11-класстын окуучуларына семинар-лекция өтүлдү. Окуучулардын тарткан сүрөттөрү, СПИД боюнча маалыматтар көрсөтүлдү. Жыйынтыгында окуучулар анкетирлөөгө да катышышты. Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Комментарии