Президенттин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин аткаруу максатында, Нооруз майрамын утурлай №78 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында “Сармерден” өткөрүлдү. “Сармерденге” окуучулар жана мугалимдерден сырткары ата-энелер, “Манас” театрынын манасчылары Нурбек Калыбек уулу менен Болот у. Хантемир келип серепчи болуп катышып кетишти.
Комментарии