КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартындагы №484/1 буйругун аткаруу максатында №78 МГнын мугалимдери менен окуучулары 6-апрелде республикалык деңгээлде көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча тазалык кампаниясын өткөрүштү. Мектептин короосуна 48 ак кайың, 15 роза жана 30чарчы метр жерге бархат гүлдөрү отургузулду жана тазалоо иштери өткөзүлдү.
Комментарии