“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык “Мыкты класс жетекчи – 2024” кароо-сынагында №78мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Эркулиева Шайыркүл Качкыновна 4-орунду ээлегендиги үчүн диплом, ыраазычылык кат, “Мугалим” төш белгисине ээ болду. Ошондой эле эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргызстан аялдар Конгрессинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланды.
Комментарии