№78 мектеп-гимназиясы №78 мектеп-гимназиясы

Ден соолуктун чын болушуна, дене-бойдун түз, сымбаттуу болуп өсүшүнө бий өтө зор таасир берет. №78 мектеп-гимназиясында чыгармачыл ийримдеринин астында “Азия нур” аттуу бий тобу түзүлгөн. Бий ийримине катышкан окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө карай: кенже топ, ортонку топ, жогорку топ болуп үчкө бөлүнөт. Алар өтө тездик менен ар улуттун бийлерин өздөштүрө алышат. Ар кандай иш-чараларда “Азия нур” бийчилер тобу жагымдуу маанай тартуулап, кечени көрккө бөлөйт. Бий ийриминин көркөм жетекчиси Кыдырова Айсулуу.
№78 мектеп-гимназиясы Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, “Көлмө” жаңы конушу,Кенеш көчөсү 451
Мектеп босогосун жаңы аттаган жеткинчектер үчүн мектептин босогосу, мугалимдин чеберчилиги, бир партага бирге отурган классташынын жылмаюусу, жаңы ариптер менен таанышуусу, кийип жүргөн окуучулук формасы, биринчи мугалим, биринчи кадам, баары маанилүү. Тамгалардын баарын таанып, окуганды, жазганды үйрөнүп, мектеп турмушуна аралашуусу зор бакыт эмеспи. Алардын жашоосуна өзгөчө шаң киргизген, эстен кеткис, кайталангыс көз ирмем бул - “Алиппе майрамы”.
17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук деңгээлде №78 МГнын кыргыз тили жана адабияты мугалими Токоева Халиданын “Чыйыр башаты” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү. Поэзия кечесине Биринчи май районунун билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Ильясова Ж., Кыргыз Республикасынын Тил комиссиясынын башкы адиси Ишеналиева А., Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү Газыбекова Ж. , “Манас эл” коомунун мүчөсү Бообекова М.,акын Жантаева З. жана ошондой эле Биринчи май районунун мектептеринин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил мугалимдери катышышты.
Окуучулардын жөндөмдүүлүгүн арттырууга, актердук чеберчилигин, шыгын ойготууга драма ийрими зор таасир берет. №78 мектеп-гимназиясында 2014-жылдан бери драма ийрими иштеп келет. Өз убагында сапаттуу өтүлүшунө бардык шарттар бар. Мектеп жана ата-энелер тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Окуучулар ийримге өз каалоосу менен катыша алышат. Драма ийриминин көркөм жетекчиси: Билим берүүнүн отличниги Макеева Зина Сариевна.
Мектептин Балдарды аскерге чейинки даярдык боюнча мугалими Чыныгалиев Бакир Апасовичтин жетектөөсү менен “Жоокер”, “Эр жигит” райондук, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн сынактарына жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен катышып, эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушту. 2017-жылы- “Эр жигит” – Биринчи май районун мектептеринин арасында –I-орун, шаардык кароодо- IY-орун.2018-жылы: “Жоокер” – райондо I-орун, шаардык кароодо- I-орун“Эр жигит”- райондо IY-орун

Новости

Бердиева Элнура немис тили предмети боюнча 1- орун алгандыгы үчүн диплом, смартфон Redmi 9 A менен сыйланды  
Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жарыяланып,#78 мектеп- гимназиясы маалымат такта,дубал газеталарды уюштурушту.
Пландын негизинде Эвакуация болуп отту,АЧД сабагынан берген Чыныгалиев Бакир Апасович жетектеди.Окуучуларга тушундуруу игтери жугузулду.

Мы в цифрах

21
Жыл мектепте
1291
Окуучулар
106
Бүтүрүүчүлөр жылына
14879
Китептердин саны