№78 мектеп-гимназиясы №78 мектеп-гимназиясы

Гордимся

Бүткүл дүйнөлүк таэквондо боюнча Жолборс спорттук клубунун ачык турниринде 2007-2009-жылы туулган кыздар арасында категория -Б классы 1-орунду 9-К1 классынын окуучусу Турганалиева Анара алды. 19.10.2024-жыл
«Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!» аймактар аралык сынагынын райондук турунда «Хореография» аталмасы боюнча 8-К1 классынын окуучусу Нурадинова Адинай 3-орунга ээ болду. Ал эми «Вокал» аталмасы боюнча 9-О1 классынын Токтогулова Аяна 2-орунга татыктуу болуп, сынактын шаардык турунда 3-орунга ээ болуп, диплом менен сыйланды
«Жылдын мыкты мугалими -2024» республикалык сынагында №78 мектеп-гимназиясынын география мугалими Төлөгөнова Индира Арстанбековна шаардык турдан «Мыкты география мугалими» номинациясы боюнча 1-орунду алып, 100 000 сом сертификат менен сыйлады
2023-2024-окуу жылында 11-Т классынын окуучусу Токтобекова Аделина орус тили жана адабияты сабагынан райондук олимпиадада 2-орунга, шаардык олимпиадада 3-орунга ээ болду.
№78 мектеп-гимназиясында мектеп ичинде өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
2023-жылдын 26-29-октябрь аралыгында болуп өткөн республикалык ZEEN олимпиадасына биздин 1-класстын окуучулары ийгиликтүү катышып, математика категориясында жогорку деңгээлдеги билимдерин көргөзүшүп, Осмоналиева Раяна, Эльмаров Гүлжигит күмүш медалдарга, Турдубеков Алинур коло медалга ээ болушту. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги билимдерин көргөзгөндүктөрү үчүн Арстанбекова Нагима, Дуйшенов Адилет, Ибраимов Алинур, Марленов Эмир, Өмүрова Самира сертификат менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурган Биринчи май районунун мектеп лигасында биздин окуучулар жеңил атлетика боюнча 3-орунду багындырышты
Казакстан Республикасында өткөн «Жети-Суу өнөрү» эл аралык көргөзмөгө №78 МГнын технология мугалими Исабекова Света Шаршеновна, 7-К2 классынын окуучусу Сабырбек кызы Айжаңыл катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланышты. Ошондой эле Сабырбек кызы Айжаңыл өз өнөрүн көрсөтүп 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Казакстан Республикасында өткөн «Жети-Суу өнөрү» эл аралык көргөзмөгө №78 МГнын технология мугалими Исабекова Света Шаршеновна, 7-К2 классынын окуучусу Сабырбек кызы Айжаңыл катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланышты. Ошондой эле Сабырбек кызы Айжаңыл өз өнөрүн көрсөтүп 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурган Биринчи май районунун мектеп лигасы тогуз коргоол боюнча мелдеште №78 МГнын кыздар командасы 3-орунду ээлешти.
Б.Н.Ельцин ат. КРСУ уюштурган «Жаш аналитиктер менен стратегдердин кышкы мектеби — 2023» конкурсунда №78 МГнын окуучулары: Асанкожоева Уулкан, Токтобекова Аделина, Токторбаев Азизбек, Туланова Миранда, Туланова Нуриза 3-орунду ээлешти.
Биринчи май райондук администрациясы уюштурган мугалимдер арасындагы «Дени сак мугалим, билимдүү муун» спорттук эстафетасында №78 мектеп-гимназиясынын мугалимдери 3-орунду багындырышты.
1 / 712345...»