№78 мектеп-гимназиясы
№78 мектеп-гимназиясы
Меню
Школа
О нас
Нормативные документы
Стратегия развития
Сотрудники
Гордимся
Учебно-воспитательная работа
Тарбиялык иштер
Учебный план
Методическая служба
Информационно-библиотечная служба
Социально-психологическая служба
Новости
Ученикам
Кружки и секции
Расписание
Родителям
Внутренний распорядок
Школьная форма
О приеме в школу
Галерея
Контакты
Аккредитация
Новости
Зомбулукту жоюунун Эл аралык күнүнө карата “Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш” деген айлыктын алкагында 2024-жылдын 4-декабрында №78 мектеп-гимназиясында 9-класстарга Биринчи май РИИБдин ЖЖИнин аймактык тескөөчүсү А.Абдыраманова “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” деген темада лекция өттү. Чакырылган коноктор: Биринчи май РИИБдин ЖЖИнин башчысы, милициянын майору М.Жапаров, ЭММКАКтын ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Таиров, ТКнын тергөөчүсү А. Шакировдор болушту. Мындан сырткары класс жетекчилер, мектептин соцпедагогу, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, ОТИ уюштуруучу жана 9-класстын окуучулары катышышты.
05.12.2024
13
2024-жылдын 18-29-ноябрь айларында тарых, адам жана коом, экономика предметтеринин декадасы болуп өттү
04.12.2024
16
4-декабрь Манас күнүнө карата мектеп ичинде иш-чаралар өткөрүлдү
04.12.2024
22
Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясында 2024-жылдын 2-декабрында Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун уюштуруу усулдук иштери боюнча адистердин жана дарыгер, медайымдардын катышуусунда 10-11-класстын окуучуларына семинар-лекция өтүлдү. Окуучулардын тарткан сүрөттөрү, СПИД боюнча маалыматтар көрсөтүлдү. Жыйынтыгында окуучулар анкетирлөөгө да катышышты. Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
[su_youtube url="https://youtu.be/762NxIQR9NI" width="980" height="460"]
03.12.2024
20
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу» максатында жана 4-декабрь Манас күнүнө карата, «Айкөл Манас баяны» аттуу сахналаштырылган кароо-сынагында №78 мектеп-гимназиясынын окуучулары катышышып, шаардык сынакта 2-орунду камсыз кылышты.
03.12.2024
20
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулган «Мектеп лигасы» шаардык спорттук мелдештердин алкагында райондук турдан биздин мектептин балдар командасы бадминтон оюнунан 1-орун, ал эми кыздар командасы 3-орунду багындырышып, шаардык турга жолдомо алышты.
02.12.2024
24
2024-жылдын 30-ноябрында 1-6-класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлө турган «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!» аттуу изилдөө долбоору болуп өттү.
[su_youtube url="https://youtube.com/shorts/dnGsNlor3zQ" width="980" height="460"]
02.12.2024
30
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана «Манас» эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн 2024-жылдын иш планына ылайык «Жаш манасчы-2024» шаардык сынагында 9-О2 классынын окуучусу Дүйшенбеков Арафат 3-орунду багындырды. Даярдаган жетекчиси: кыргыз тили жана адабияты мугалими Макеева З. С.
[su_custom_gallery source="media: 6394,6395" limit="15" width="690" height="280"]
30.11.2024
16
№78 мектеп-гимназиясында 21-22-ноябрь күндөрү ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта 1-чейректин жыйынтыгы боюнча класс жетекчилер маалымат беришти. «Эрте кош бойлуулук» жана балдар арасындагы жугуштуу илдеттер боюнча мектеп дарыгери маалымат берди. Ал эми Диний экстремизм боюнча Биринчи май РИИБдин ЭММКАК милициянын капитаны Т.Таиров маалымат берди. Мындан сырткары мектептин ичиндеги окуучулардын жүрүм-турум эрежелери боюнча да маалымат берилди.
26.11.2024
25
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы №2059/1 буйругу менен бекитилген «Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 2024-жылдын 25-ноябрында мектеп ичинде предметтер аралык олимпиадасынын 1-туру 7-11-класстар үчүн болуп өттү.
25.11.2024
26
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамынын» кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата үч айлыгынын алкагында жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү максатында «Айтматов — ааламы» аттуу изилдөө-долбоор кароо-сынагына 10-Г классынын окуучусу Сапарали кызы Нурзада катышып, райондон 1-орун, шаардык сынактан 1-орунду камсыз кылды. Жетекчиси: кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыбек кызы Замира
21.11.2024
36
2024-жылдын 6-ноябрында 2023-2024-окуу жылынын 2-чейрегинин билим сапаты жана жетиштүүсү боюнча педкеңешме болуп өттү
14.11.2024
55
1 / 33
1
2
3
4
5
...
10
20
30
...
›
»