№78 мектеп-гимназиясы №78 мектеп-гимназиясы

Учебный план

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №78 мектеп –гимназиясынын
2023-2024 -окуу жылынын окуу планына карата түшүндүрмө кат

Бишкек шаарынынын Биринчи май районундагы№78 мектеп- гимназиясынын
2023/2024-окуу жылы үчүн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023 – жылдын 5-августундагы №1529/1буйругунун, кыргыз тилинде окутулуучу мектеп-гимназиясы үчүн Базистик окуу планынын негизинде иштелип чыккан жана Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашырат.
Базистик окуу планы окуучуларга предметтер боюнча жалпы билим берүү даярдыгын камсыз кылууга, активдүү турмуштук көз- карашы калыптанган инсандын өнүгүшү үчүн жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга ээ болууга кепилдик берет.
Окуу планынын милдети
№78 мектеп-гимназиясынын окуу планын ишке ашыруунун негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
окуучунун окуу материалдарын эркин өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүү, активдүү турмуштук көз — карашы бар инсанды калыптандыруу максатында, билим берүү процессине перспективдүү билим берүүнүн технологияларын киргизүү жана окутуу.

№78 мектеп-гимназиясынын
I баскычтагы
Базистик окуу планы (1-4 –класстар) башталгыч жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын (предметтерин) өздөштүрүү 4 жылдык ченемдик мөөнөтүнө эсептелинген.
II баскычтагы
Кыргыз тилинде окутулуучу мектеп-гимназиясы үчүн окуу планы (5-9-класстар) негизги билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын (предметтерин) өздөштүрүүнүн 5 жылдык ченемдик мөөнөтүнө эсептелинген.
III баскычтагы
кыргыз тилинде окутулуучу мектеп-гимназиясы үчүн окуу планы (10-11-класстар)жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы орто билим берүүчү программаларын (предметтерин) өздөштүрүүнүн 2 жылдык ченемдик мөөнөтүнө эсептелинген.
I баскычта
Биринчи класска ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча 6 жаштан баштап, 7 жаштан кеч эмес балдар кабыл алынат.
II-III баскычтарда
Негизинен окуучулардын,ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) кызыкчылыктарын эске алуу менен предметтерди тереңдетип окутуу, окуучулардын таанып билүүсүн жана жөндөмдүүлүктөрүн канааттандыруу максатын көздөйт. Негизги Базистик окуу планынан сырткары мектеп –гимназиялар үчүн берилген тереңдетип окутуу үчүн тандоо предметтеринин жана мектеп компонентинин сааттары төмөндөгүдөй белгиленди:

1. I Гуманитардык цикл
Профилдик предметтер:кыргыз тили жана адабияты, II чет тил (немис тили).
2. II Гуманитардык цикл
Профилдик предметтер: орус тили жана адабияты, чет тили,II чет тил(немис тили).
3.III Социалдык цикл
Профилдик предметтер: Кыргызстан тарыхы, дүйнөлүк тарых, II чет тил(немис тили).

№ 78 мектеп-гимназиясы негизги Базистик окуу планын тереңдетип окутуу
үчүн тандоо предметтерине 10-11-класстар үчүн төмөндөгүдөй сааттар менен
кошумчаланды.

1. Кыргыз тили предметине- 10-кл. – 1саат, 11-кл. -1 саат.
2. Кыргыз адабияты предметине- 10-кл. – 1саат, 11-кл. -1 саат.
3. Кыргызстан тарыхы предметине – 10 –кл. -1 саат, 11-кл. -1 саат.
4. Дүйнөлүк тарыхы предметине – 10 –кл. -1 саат, 11-кл. -1 саат.

№ 78 мектеп -гимназиясы негизги Базистик окуу планы мектеп компонентинин
эсебинен, 5-11-класстардын окуу планы төмөндөгүдөй сааттар менен кошумчаланды.

1. Кыргыз тили предметине- 7-кл.-1саат, 8-кл.-1саат, 9-кл.-1 саат.

2. Кыргыз адабияты предметине-5-кл.- 1 саат, 6-кл.-1саат,7-кл. -1саат, 8-кл.-1саат,
9-кл.-1 саат.
5. Кыргызстан тарыхы предметине – 5-кл.-1саат, 6-кл.-1саат,7-кл.- 1саат,
8-кл.-1саат, 9-кл.-1 саат.
6. Дүйнөлүк тарых предметине-7-саат-1саат, 8-кл.-1саат, 9-кл.-1саат.
7. Орус тили предметине- 7-кл.-1саат, 8-кл.-1саат, 9-кл.-1 саат.
8. Орус адабияты предметине –5-кл.-1саат,6-кл.-1саат, 7-кл.-1саат, 8-кл.-1 саат
9-кл.- 1саат.
9. Чет тили предметине –8-кл.-1саат,9-кл.-1саат.
10. II чет тили -5 кл.-1 саат,7-кл.-1саат, 8-кл.-2саат, 9-кл.-2саат, 10-кл.-1саат,
11-кл.-1 саат.

Мамлекеттик компонент окуучулардын базалык денгээлиндеги жалпы билим берүүчү сабактар боюнча билим алуусуна кепилдик берет, активдүү турмуштук көз -карашы бар инсанды калыптандыруу, өнүктүрүү үчүн аларды улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга кызыктырат.
Предметтерди тереңдетип окутуу окуучуларга негизги предметтердин мазмунун тереңдеп билүүгө, предмет аралык байланыштарды ишке ашырууга жана Жалпы Республикалык тестирлөөгө жакшы базалык даярдыктарды көрүүгө жардам берет.
Негизи жалпы билим берүүчү программа боюнча окуучулардын билим денгээлин баалоо Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

Окутуу –тарбиялоо жараяны уюштуруу.
2023—2024 –окуу жылында №78 мектеп–гимназиясында 48 класс –комплектиленди. Окуу кабинеттердин жетишсиздигине байланыштуу мектепте окуу процесси 4 смендик режимде иш алып барат. Сабактар 8-00 башталып 18-30 аяктайт. Башталгыч класстар 4 сменде, б.а. 3 толук смен, 1 подсменка окугандыгына байланыштуу 1-4- класстар 5-6 5 күндүк, 7-11 класстар үчүн 6 күндүк окуу жумалыгы белгиленди. Жалпы 1-4-класстарда 20 класс –комплект, 5-9-класстарда 24 класс- комплект, 10-11-класстарда — 4 класс-комплектиленди.
Мектепке чейинки уюмдарга катышпаган эрте курактагы балдардын психологиялык –педагогикалык даярдыгынын денгээлин жогорулатуу жана алардын андан ары социалдык адаптациялоо максатында 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча мектепке даярдоо өткөрүлөт. Аталган 480 сааттык “Наристе” программасы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен тартипте башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан ишке ашырылат. 480 сааттык программа боюнча окутуу үчүн 3 тайпа комплектиленди, сабактар 3 сменде өтүлөт.

5-11-класстар үчүн окуу жумалыгы 6 күндүк. 5-11-класстарда сабактар 2 сменде өтүлөт. Окуу сабактары 2022–жылдын 1-сентябрында башталып, 2023 –жылдын 25-майында  аяктайт. Окуу жылынын созулушу эс алуу убактыларын эсепке албаганда: 1-класста -33 жума, 2-8,10-класстарда -34 жума, 9,11-класстарда экзамендик мезгилди эске алуу менен — 36 жуманы түзөт.
Каникул мезгили 29 календардык күндү түзөт.
Каникул графиги:
Күзгү каникул — 7 күн, 2023-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин, сабактар
2023-жылдын 9–ноябрында башталат.
Кышкы каникул -12 күн, 2023-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына
чейин, сабак 2024 –жылдын 11-январында башталат.
Жазгы каникул -10 күн, 2023-жылдын 20-мартынан 29-мартына чейин, сабактар
2023-жылдын 30-мартында башталат.
1- класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир апталык каникул күндөрү берилет. Сабактын узактыгы: 1-класстарда- 40 мүнөт, 2-11-класстарда — 45 мүнөт.