№78 мектеп-гимназиясы №78 мектеп-гимназиясы

Гордимся

2023-2024-окуу жылында 11-Т классынын окуучусу Токтобекова Аделина орус тили жана адабияты сабагынан райондук олимпиадада 2-орунга, шаардык олимпиадада 3-орунга ээ болду.
№78 мектеп-гимназиясында мектеп ичинде өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
2023-жылдын 26-29-октябрь аралыгында болуп өткөн республикалык ZEEN олимпиадасына биздин 1-класстын окуучулары ийгиликтүү катышып, математика категориясында жогорку деңгээлдеги билимдерин көргөзүшүп, Осмоналиева Раяна, Эльмаров Гүлжигит күмүш медалдарга, Турдубеков Алинур коло медалга ээ болушту. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги билимдерин көргөзгөндүктөрү үчүн Арстанбекова Нагима, Дуйшенов Адилет, Ибраимов Алинур, Марленов Эмир, Өмүрова Самира сертификат менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурган Биринчи май районунун мектеп лигасында биздин окуучулар жеңил атлетика боюнча 3-орунду багындырышты
Казакстан Республикасында өткөн «Жети-Суу өнөрү» эл аралык көргөзмөгө №78 МГнын технология мугалими Исабекова Света Шаршеновна, 7-К2 классынын окуучусу Сабырбек кызы Айжаңыл катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланышты. Ошондой эле Сабырбек кызы Айжаңыл өз өнөрүн көрсөтүп 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Казакстан Республикасында өткөн «Жети-Суу өнөрү» эл аралык көргөзмөгө №78 МГнын технология мугалими Исабекова Света Шаршеновна, 7-К2 классынын окуучусу Сабырбек кызы Айжаңыл катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланышты. Ошондой эле Сабырбек кызы Айжаңыл өз өнөрүн көрсөтүп 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурган Биринчи май районунун мектеп лигасы тогуз коргоол боюнча мелдеште №78 МГнын кыздар командасы 3-орунду ээлешти.
Б.Н.Ельцин ат. КРСУ уюштурган «Жаш аналитиктер менен стратегдердин кышкы мектеби — 2023» конкурсунда №78 МГнын окуучулары: Асанкожоева Уулкан, Токтобекова Аделина, Токторбаев Азизбек, Туланова Миранда, Туланова Нуриза 3-орунду ээлешти.
Биринчи май райондук администрациясы уюштурган мугалимдер арасындагы «Дени сак мугалим, билимдүү муун» спорттук эстафетасында №78 мектеп-гимназиясынын мугалимдери 3-орунду багындырышты.
«Изилдейбиз, окуйбуз, табабыз» аттуу изилдөө долбоорунун райондук турунан 1-А классынын окуучулары 3-орунду алышты. Жетекчиси: Эркулиева Шайыр.
«Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында «Ч.Айтматовдун чыгармалары кино тасмаларда» аталышындагы «Шайыр тапкычтар клубу» кароо-сынагында 10-класстын окуучулары райондон 2-орунду, шаардан 2-орунду ээлешти. Жетекчиси: Курманбекова Н.А.
КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө КРнын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата жарыяланган «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» үч айлыгынын алкагында — «Айтматов ааламы» аттуу райондук илимий-изилдөө долбоор кароо-сынагында 11-Т классынын окуучусу Таалайбекова Кайыргүл 2-орун, шаардык сынактан 1-орунду багындырды. Жетекчиси: Бактыбек кызы Замира
1 / 712345...»