Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу» максатында жана 4-декабрь Манас күнүнө карата, «Айкөл Манас баяны» аттуу сахналаштырылган кароо-сынагында №78 мектеп-гимназиясынын окуучулары катышышып, шаардык сынакта 2-орунду камсыз кылышты.
Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу » жана Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү максатында «Каармандар сүйлөйт » аттуу сахналаштырылган кароо-сынагы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин иш планынын негизинде өткөрүлүп, №78 мектеп-гимназиясынын окуучулары катышып, шаардык сынакта 1-орунду багындырышты.
Kitepstan kids китеп дүкөнү уюштурган республикалык «Менин акырам уча алат!» республикалык сүрөт тартуу сынагында №78 мектеп-гимназиясынын 2-Г классынын окуучусу Капарова Айназик 1-орунду багындырып, планшет менен сыйланып, мектепке түстүү принтер белекке беришти.
Айтылуу манасчы Тоголок Молдонун 165 жылдыгына карата «Көйкашка» коомдук фонду жана Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулган «Жаш манасчы» шаардык кароо-сынагында 9-О2 классынын окуучусу Дүйшенбеков Арафат 3-орун алды.