17-декабрда КРнын эмгек сиңирген мугалими Мадаминов Гапыр агай жана КР ЖКнын депутаты, коомдук ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков менен №78 мектеп -гимназиясында мугалимдер, ата-энелер менен жолугушуу болду. Жолугушуу учурунда бала тарбиясы, «Энелер мектебинин» коомдогу орду, үй-бүлөдө тарбиянын негизги багыттары, баланын ар бир ийгилигинин артында эне турары, билим алууда жана билим берүүдөгү тарбиянын, акыл эмгегинин маданиятынын мааниси ж.б. тууралуу маанилүү маалыматтар берилип, пикир алмашуу болду. Жогорудагы инсандардын айткан насааттары мугалимдер менен ата-энелер үчүн абдан пайдалуу болду.
Комментарии