Окуучулардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн, жалгыз мугалимдердин ишмердүүлүгү аздык кыларын эске алуу менен ата-энелердин педагогикалык маданиятын жакшыртуу максатында №78 мектеп-гимназиясында «Энелер мектебин» колго алдык. «Энелер мектебин» уюштуруу менен таалим-тарбиянын жакшыруусуна жана үй-бүлө менен мектеп мугалимдери биргеликте иш алып баруусуна өбөлгө түзөт деген ишенимдебиз. Бул программанын негизинде өтүлгөн сабактар зордук-зомбулуктун, тартип бузуунун, укук бузуунун жана жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуусуна салым кошору тажрыйбада далилденгенин эске алуу менен алгачкы «Энелер мектебинин» сабактарын баштадык.
Комментарии