Зомбулукту жоюунун Эл аралык күнүнө карата “Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш” деген айлыктын алкагында 2024-жылдын 4-декабрында №78 мектеп-гимназиясында 9-класстарга Биринчи май РИИБдин ЖЖИнин аймактык тескөөчүсү А.Абдыраманова “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” деген темада лекция өттү. Чакырылган коноктор: Биринчи май РИИБдин ЖЖИнин башчысы, милициянын майору М.Жапаров, ЭММКАКтын ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Таиров, ТКнын тергөөчүсү А. Шакировдор болушту. Мындан сырткары класс жетекчилер, мектептин соцпедагогу, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, ОТИ уюштуруучу жана 9-класстын окуучулары катышышты.
Комментарии