Бишкек шаарындагы №78 мектеп –гимназиясынын 2024-2025 -окуу жылынын окуу планына карата түшүндүрмө кат
Бишкек шаарындагы №78 мектеп- гимназиясынын 2024-2025-окуу жылы үчүн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024 – жылдын 16-августундагы №1296/1 буйругунун, кыргыз тилинде окутулуучу жалпы билим берүүчү мектептер үчүн базистик окуу планынын негизинде иштелип чыккан жана Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашырат. Базистик окуу планы окуучуларга предметтер боюнча жалпы билим берүү даярдыгын камсыз кылууга, активдүү турмуштук көз- карашы калыптанган инсандын өнүгүшү үчүн жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга ээ болууга кепилдик берет.
Окуу планынын милдети: №78 мектеп-гимназиясынын окуу планын ишке ашыруунун негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелинет: окуучунун окуу материалдарын эркин өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүү, активдүү турмуштук көз — карашы бар инсанды калыптандыруу максатында, билим берүү процессине перспективдүү билим берүүнүн технологияларын киргизүү жана окутуу.
I баскычта (башталгыч жалпы билим берүү) — 4 жыл;
II баскычта ( негизги билим берүү) -5 жыл;
III баскычта (орто жалпы билим берүү) — 2 жыл.
I баскычта
Биринчи класска ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча 6 жаштан баштап, 7 жаштан кеч эмес балдар кабыл алынат.
II-III баскычтарда
Негизинен окуучулардын, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) кызыкчылыктарын эске алуу менен предметтерди тереңдетип окутуу, окуучулардын таанып билүүсүн жана жөндөмдүүлүктөрүн канааттандыруу максатын көздөйт. Негизги Базистик окуу планынан сырткары мектеп –гимназиялар үчүн берилген мектеп компонентинин жана тандоо үчүн предметтеринин сааттары төмөндөгүдөй белгиленди:
№ 78 мектеп-гимназиясы 5,8,10 -класстарга мектептик компонентине бөлүнгөн сааттар төмөндөгү предметтерге берилди:
Кыргыз тили предметине-5-кл. 1 саат.
Чет тили (англис тили) предметине -8-кл.- 1саат.
Кыргызстан тарыхы предметине – 10-кл. -1 саат.
Мамлекеттик компонент окуучулардын базалык денгээлиндеги жалпы билим берүүчү сабактар боюнча билим алуусуна кепилдик берет, активдүү турмуштук көз -карашы бар инсанды калыптандыруу, өнүктүрүү үчүн аларды улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга кызыктырат.
Негизи жалпы билим берүүчү программа боюнча окуучулардын билим денгээлин баалоо Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Уюштуруу иш -чаралары:
2024—2025 –окуу жылында №78 мектеп–гимназиясында 52 класс –комплектиленди. Мектепте окуу процесси 2 смендик режимде иш алып барат. Сабактар 8-00 башталып,
19-00 аяктайт. 1-11-класстар үчүн 5 күндүк окуу жумалыгы белгиленди. Жалпы: 1-4-класстарда 22 класс –комплект, 5-11-класстарда 25 класс- комплект, 10-11-класстарда —
5 класс-комплектиленди. Сабактын узактыгы: 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча 35 мүнөт, 1-класстарда- 40 мүнөт, 2-11-класстарда — 45 мүнөт.
Эрте жаштагы балдардын психологиялык -педагогикалык даярдыгын жогорулатуу жана аларды жалпы билим берүү мектепте окутууга социалдык жактан көндүрүү максатында мектепке чейинки уюмдарга барбаган балдарды 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча мектепке чейинки даярдоо жүргүзүлөт. Аталган 480 сааттык “Наристе” программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен тартипте башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан ишке ашырылат.
480 сааттык программа боюнча окутуу үчүн 3 тайпа комплектиленди, сабактар 2 сменде өтүлөт.
Окуу сабактары 2024–жылдын 2-сентябрында башталып, 2025 –жылдын 26-майында аяктайт. Окуу жылынын созулушу эс алуу убактыларын эсепке албаганда:
1-класста -33 жума, 2-8,10-класстарда -34 жума, 9,11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысы менен 36 жуманы түзөт.
Каникулдардын графиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 16-августундагы № 1296/1 буйругунун негизинде ишке ашырылат. Каникул мезгили 28 календардык күндү түзөт.
Каникулдардын графиги төмөндөгүдөй:
күзгү — 7 календардык күн; 2024-жылдын 4-10-ноябрына чейин уланат, сабактар 2024-жылдын 11–ноябрынан башталат;
кышкы -14 календардык күн, 2024-жылдын 30-декабрынан баштап 2025-жылдын 12-январына чейин уланат, сабактар 2025 –жылдын
13-январынан башталат;
жазгы — 7 күн календардык күн, 2025-жылдын 17- 23-марттарында, сабактар 2025-жылдын 24-мартында башталат.
480 сааттык “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат, ал эми 1- класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.