2024-жылдын 3-апрелинде №78 мектеп-гимназиясында Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата илимий-конференция болуп өттү. Конференцияга КРнын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Кубатова А.И., ушул эле институттун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Арзыбаев Т.К. жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Бактыгулова Ч.А. келип катышышып, сөз сүйлөштү. Окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, маектешүү болду. Конференциянын жүрүшүндө видео маалымат көрсөтүлүп, доклад окулду.
Комментарии